• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

10-декабрдан тарта биткойн чикаголук биржа опционунда сатылып баштайт

izgotovlenie-samannogo-kirpicha-4

👁 1,734

2017-жылдын акырында эки компания рынокко биткойнго фьючерс чыгарып жатышканы тууралуу маалымат таратышты. 10-декабрдан тарта биткойнго болгон фьючерс чикаголук биржа опционунда сатылып баштайт. 18-декабрдан тартып ушундай эле фьючерсти дүйнөдөгү ири товардык биржа болгон CME Group чыгарды.

Бирок криптовалюталардын курсу дайыма өйдө төмөн болуп тургандыктан ири инвесторлорду кызыктыра элек. Олуттуу оюнчуларды валютаны конвертациялоодогу баалар жана инвестициялык тобокелчиликтер кооптондурат.

Фьючердик келишимдин негизги максаты – коркунучтардын алдын алуу. Мисалы, фьючерс биткойнду сатып жатып валюта кармоочулар баа келечекте белгиленген бир чектен төмөндөбөй тургандыгына кепилдик алышат. Биткойнго фьючерс чыгаруу валютанын курсун турукташтырып, криптовалюта рыногуна жаңы капиталдарды тартат. Бул криптовалюталардын жана биткойндардын репутациясын жогорулатып, аларга олуттуу инвесторлор кызыгып баштайт.

Фьючердик келишим 18-кылымдан бери бар – ал убакта япониялык соодагерлер күрүчтү ташуу үчүн бир жолку келишим түзүшчү дагы түшүм жыйналган учурда анын баасы бекитилген боюнча турчу. Бул фьючерс “ташуучу” болуп эсептелет, анда сатып алуучу товардын белгилүү бир көлөмүн мурда сүйлөшүлгөн баа боюнча сатат. Ушундай жол менен дыйкандар түшүмгө болгон баанын төмөндөө коркунучун алдын алышчу, ал эми сатып алуучулар баанын жогорулоосунан сактанышчу.

Заманбап фючерстик келишим чикаголук соода палатасы тарабынан 1865-жылы бекитилген. Андан соң фьючерликтин түрлөрү пайда болуп, алар акчалай гана түрдө болуп калган.

Фьючерс — бул белгиленген баа боюнча контрактта белгиленген базалык актив күнүнө карата сатып алуу жана сатуу жөнүндө контракт. Анын негизин базалык актив: акция, товар, валюта жада калса гречка ж.б. түзөт. Негизинен базалык актив катары товар гана эмес статистикалык көрсөткүчтөрү дагы саналат, мисалы, Борбордук банктын кредиттик ставкасы.

Учурда фьючерстер – коркунучтарга кепилдик берүүчү бирден-бир куралдардан. Бир эле убакта фьючерстер менен соода кылуу менен инвестор каражаттарын жоготуу коркунучунан арылат. Реалдуу актив сатып алуу менен инвестор жогорулайт деген үмүт артат, ал эми инвестор болсо анын төмөндөп кетүүсүнө кепилдик берет.

Учурда биткойнго эсептешүүчү фьючерс киргизүү каралууда. Башкача айтканда сатып алуучу биткойн албайт, ал ошол маалдагы баалардын ортосундагы айырмачылыкты алат. Фьючерстин мөөнөтү – 1 ай.

CME Group тарабынан баанын өзгөрүүсүнө максималдуу лимит коет. Баа 7–13%га өзгөргөн учурда соода 2 мүнөткө токтотулушу керек. Эгерде баа 20 пайызга өзгөрүп кетсе, анда соода толугу менен токтойт.

Ири товардык биржа фьючерсти чыгаруу менен каржылык институттар үчүн криптовалюта менен соода кылууга жол ачат, башкача айтканда рынокко ири капиталдар тартылат. Жеке инвесторлор фьючерстик келишимдер менен соода кылышып, ортомчу компаниялар болсо биржада келишим түзө алышат.

АКШнын товардык фьючерстерин сатуу тууралуу комиссия биткойнго фьючерс чыгарууга уруксат берген. Башкача айтканда, криптовалютага болгон фьючерс мыйзамдуу жана мамлекет тарабынан жөнгө салынат. Бирок фьючерстин болуусу биткойнду мыйзамдаштырбайт. Бирок ал валютанын репутациясына жакшы таасир берет.

Булак: Хайтек

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости