1-кварталда республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгү 31 млрд 646,9 млн сомду түздү. Бул тууралуу каржы министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча 2018-жылдын 1-кварталында республикалык бюджетке 31 млрд 646,9 млн сом өлчөмүндө ресурс келип түштү же планга (27 млрд 892,8 млн сом) карата 113,5 %ды түздү. 2017-жылдын бирдей мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу ресурстар 8,6 %га же 2 млрд 507,7 млн сомго көбөйдү.
Ресурстардын курамында көбүрөөк салыштырма салмакты төмөнкүлөр тарабынан камсыздалган түшүүлөр ээледи:
Мамлекеттик салык кызматы — 45,2 %,
Мамлекеттик бажы кызматы — 29,6 %,
Мамлекеттик казыналык векселдерден (МКВ) түшкөн кирешелер – 17,5 %,
Бюджеттик ссудаларды кайтаруудан түшкөн кирешелер – 2,7 %.
Республикалык бюджетке түшкөн кирешелердин жалпы көлөмү 25 млрд 343 млн сомду же пландын 107,8 %ын түздү. 2017-жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу кирешелер 962,7 млн сомго көбөйдү.
Салыктык түшүүлөр 23 млрд 663,6 млн сомду түздү (план боюнча 21 млрд 987,1 млн сом келип түшмөк) же план 107,6 %га аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелердин өсүшү акчалай 4 млрд 315,5 млн сомду түздү. Кирешелердин көлөмүндө салыктык түшүүлөрдүн үлүшү 93,4 %ды түздү.
Салык кызматы боюнча түшүү 14 млрд 293,8 млн сомду түздү же план 100 %га аткарылды.
Бажы кызматы боюнча түшүү 9 млрд 369,9 млн сомду түздү же план 121,7 %га аткарылды.
Салыктык эмес түшүүлөр 1 млрд 679,4 млн сомду же пландын 110,6 %ын түздү (план боюнча 1 млрд 517,9 млн сом келип түшмөк). Өткөн жылдын деӊгээлине карата салыктык эмес кирешелер 2 млрд 425 млн сомго азайды.
Активдер жана милдеттенмелер 6 млрд 303,9 млн сомду түздү (план боюнча 4 млрд 387,9 млн сом келип түшмөк), план 143,7 %га аткарылды.
Ишканалардан жана уюмдардан мурда аларга берилген ссудалар жана насыялар боюнча 600,7 млн сом кайтарылды.
Мамлекеттик казыналык векселдер боюнча түшүүлөр 5 млрд 536,6 млн сомду түздү же план 141,4 %га аткарылды.
Маалымат катары айта кетсек, бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 2 млрд 88,7 млн сомду, ал эми мамлекеттик инвестициялык программалардын (МИП) каражаттары жалпысынан 1 млрд 640 млн сомду түздү, анын ичинде МИПтин тышкы насыялары 858,5 млн сомду, МИПтин гранты 781,5 млн сомду түздү.