1-июлдан тарта президенттик аппараттын, өкмөттүн, парламенттин, сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин киреше-чыгаша декларациялары текшериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлаган.
27-июнда президент Сооронбай Жээнбеков парламентте сүйлөгөн учурда да декларация текшерүүнүн маанисине токтолуп, бул коррупция менен күрөшүүнүн олуттуу компоненти экенин айткан.
Ал мамлекеттик кызматчыларга жана алардын жакындарына жазылган мүлктүн эсебин алуу менен казынаны уурдоо жана пара алуу сыяктуу кылмыштардын алдын алуу амалын жайылтууну сунуш кылган.
2018-жылдын январынан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин киреше-чыгаша декларацияларын көзөмөлдөө Мамлекеттик кадр кызматынан алынып, Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлгөн.