• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

1-декабрда кредиттик карталарды кабыл алуу үчүн милдеттүү терминалдарды орнотуу мөөнөтү аяктайт

👁 490

Бир жылдан азыраак мезгилде, 2015-жылы декабрда Премьер-министр Темир Сариев соода түйүндөрүн банк карталарын кабыл алууну жабдууга мажбурлаган №869 токтомго кол койгон.

Бул милдет баардык аянты 50м2ттан башталган сода түйүндөрүнө, кафелерге жана башка көптөгөн мекемелерге (толук тизме бул макаланын электрондук вариантында ЭКОНОМИКИ: www.ekk.kg[1] бар) жүктөлгөн.

2016-жылдын 1-апрелине чейин Бишкек жана Ош шаарларында накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуучу терминалдарды, 1-июлга чейин башка шаарларда терминалдар орнотулуш керек болчу. 1-декабрда бул терминалдарды калкы 25 миңден ашкан райондук борборлордо (башка райондордо бул милдет келерки жылдын 1-июлунда гана күчүнө кирет) милдеттүү түрдө орнотуу мөөнөтү аяктайт.

Эгер соода түйүнүнүн, сулуулук салонунун, кафенин ээси жетишпей калса же кайсы бир банк менен банк карталарын кабыл алуучу картаны орнотуу боюнча келишим түзүүнү каалабаса эмне болот? Азырынча буга мыйзам түрүндө айып аныкталган эмес, бирок жергиликтүү бийликтин мындай түйүндөрдөн соода кылуу уруксатын чакырып алуу укугу бар. Бул айып салгандан да жаман.

ЭКОНОМИКАнын комментарийи

Бул токтомду кабыл алуу кыргыз банктарынын «кызыкчылыгын» көздөгөндүгү көрүнүп турат. Аларга өлкөдө канчалык соода түйүндөрү төлөмгө банк карталарын кабыл алышкандыгы өтө ыңгайлуу: анкени ар бир жүргүзүлгөн операциядан алар пайыз алышат. Болгондо да бул пайзды товарды сатып алуучу эмес, соода түйүнүнүн ээси төлөйт. Башкача айтканда, терминал аркылуу сатылган баардык товар сатуучу үчүн накталай саткандан бир канча аз пайда алып келет.

Баардык цивилизациялуу өлкөлөрдө банк карталары дээрлик баардык соода түйүндөрүндө кабыл алынат. Бирок бир да өлкөдө бул мажбурлоо жолу менен жасалбайт! Сатуучулар өздөрү алардын сатып алуучуларында кээде накталай акчасы болбой калып, банк картасы болорун түшүнүшөт. Төлөмдөгү мүмкүнчүлүктүн болушу баардык учурда – ыңгайлуу. Бирок мындай тыянакка бизнесмендер мамлекет мажбурлагандан эмес, ыктыярдуу түрдө келишет.

Биз терминалдарды орнотуу ыктыярдуу түрдө гана болуш керек деп эсептейбиз. Кредит үчүн терминалдын жоктугу эч качан жазага тартылбаш керек. Банкирлер өздөрү сатуучуларды терминал орнотууга, банк аркылуу карта менен төлөм жүргүзүүгө кызыктырсын. Анын ордуна банкирлер өкмөт менен депутаттарды кызыктырышууда! Бул туура эмес.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости